Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:39

Ысык-Көлдөн март айынан бери 22,5 миңдей тонна таштанды чыгарылды


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ысык-Көлдөн март айынан бери, 188 күндүн аралыгында жалпысынан 22 441 тонна таштанды жана 123 миңден ашык метр тор чыгарылганын кабарлады. Учурда суучулдар көлдүн Түп районунун Курмөнтү айылынан Чоң-Өрүктү айылдарына чейинки аралыгын таштандыдан арылтууну улантып жатканын билдирди.

Июнь айында президент Садыр Жапаров көлдүн булганып жатканын, торлорун калтырып кеткен браконьерлерди сынга алган.

1998-жылы өкмөттүн токтому менен Ысык-Көл облусунун аймагында биосфералык аймак түзүлгөн. Аймак 43,1 чакырым чарчы аянтты ээлейт.

“Ысык-Көл” биосфералык аймагы Кыргызстанда мыйзам менен өзгөчө корголгон улуттук маанидеги табигый аймак болуп эсептелет. 2001-жылы ЮНЕСКОнун “Адам жана биосфера” программасынын алкагында Бүткүл дүйнөлүк биосфералык резерваттар тутумуна киргизилген.

Ысык-Көлдө башаламан салынган эс алуу жайлары, алардан чыккан саркынды суулар көлдү булгап жатканы, балык уулаган браконьерлер көлдүн уникалдуу экологиясын талкалап жатканы айтылып келет.

XS
SM
MD
LG