Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында депутат Айбек Осмонов Орусиянын Красноярск шаарында ири жол кырсыгында каза тапкан кыргызстандык жарандын сөөгүн мекенине жеткирүүгө байланыштуу маселе көтөрдү. Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев 21-октябрда Краясноярск-Абакан жолундагы ири кырсыкта мерт болгон төрт адамдын бири кыргызстандык жаран болгонун, маркумдун сөөгү 24-октябрда Ошко жеткирилерин билдирди.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги быйыл алты айда чет өлкөлөрдөн мекенине 297 кыргызстандыктын сөөгү алынып келгенин кабарлаган.
Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматына караганда, былтыр чет мамлекеттерден 350 кыргызстандыктын сөөгү мекенине келген. Алардын 200дөн ашууну Орусияда каза болгон.
2021-жылы Кыргызстанга четтен 540 адамдын сөөгү “Жүк-200” болуп жеткирилген.
“Жүк-200” алып келүү Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте консулдуктардын жардамы менен жүргүзүлүп келет.
Буга чейин чет жакта каза болгон мигранттардын сөөгүн мекенине алып келүү үчүн мамлекеттен жардам катары акча алуудагы бюрократия маселеси орчундуу болуп жатканы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында дагы көтөрүлгөн.
Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны бүгүнкү күндө Орусияда эмгек мигранты болуп жүрөт. Акыркы 30 жыл ичинде 650 миңден ашуун кыргызстандык орус жарандыгын алган.
Дагы караңыз
Ысык-Көлдөн март айынан бери 22,5 миңдей тонна таштанды чыгарылды ЖКнын комитети Түрк инвестициялык фондун түзүү келишимин жактырды Түлөбаев Улуттук банктагы алтынды бизнеске жумшоону сунуштады УКМК Свердлов райондук сотунун судьясы кармалганын кабарлады Еврошаркет-Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери жолугат Бир катар уюмдар ак илбирске улуттук жаныбар макамын берүүнү сунуштады Газанын бийлиги 7-октябрдан бери 4651 адам набыт болгонун билдирди Иранда Махса Амини тууралуу жазган эки журналист аял соттолду