Улуттук банк октябрда экинчи жолу валюта рыногуна интервенция жасады

Улуттук банк октябрь айында экинчи жолу интервенция жасап, 16-октябрда 44,8 млн долларды валюта базарына сатты. 6-октябрда 27 млн 150 миң доллар саткан. Ага чейин 14-сентябрда 47 млн 690 миң долларды сатыкка чыгарган.

Ушуну менен өлкөнүн башкы банкы жыл башынан берк валюта рыногуна $654 миллиона 840 миң доллар сатты. Быйылкы жылдын эсебинен Улуттук банк кайрадан доллар сатып ала элек.

Улуттук банктын сайтындагы маалыматка караганда, 16-октябрда бир доллардын наркы 89 сом 17 тыйын, бир евро 94 сом, бир рубль 91 тыйын жана казак теңгеси 18 тыйын болду. (ZKo)

Дагы караңыз

Латвия Орусия менен эки чек ара өткөөлүн убактылуу жаптыСанду: Кишинёвдун газ жолдорун диверсификациялоосу Орусиянын шантажына чекит коётИранда белгилүү режиссёр менен аялын өлтүрүүгө шектелген эки киши камалдыАтайын операция: Көлбаевдин өлтүрүлүшүн Аскер прокуратурасы иликтейт Ташиев менен Ятимов чек ара маселесин талкуулады