Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:06

Санду: Кишинёвдун газ жолдорун диверсификациялоосу Орусиянын шантажына чекит коёт


Президент Майя Санду жана “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президентинин милдетин аткаруучу Жеффри Гедмин. Прага, 16-октябрь 2023-жыл
Президент Майя Санду жана “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президентинин милдетин аткаруучу Жеффри Гедмин. Прага, 16-октябрь 2023-жыл

Молдованын президенти Майя Санду газ алуу жолдорун диверсификациялоо багытындагы кадамдар Орусиянын Кишинёвду шантаж кылуусуна чекит коёрун билдирди. 16-октябрда “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Прагадагы баш кеңсесинде сүйлөгөн президент Кишинёв газды түздөн түз “Газпромдон” эмес, ачык рыноктон алуу менен бул жаатта көз карандысыздыкка жетишкенин белгиледи.

Европанын эң жакыр өлкөсү Молдова көгүлтүр газды Орусиядан алып жүргөн. Бирок былтыр октябрда мамлекеттик "Газпром" компаниясы ортодогу келишимди бузуу менен берилген продукциянын көлөмүн азайткан. Молдова карызды жабууга 8,6 миллион доллар төлөөнү сунуш кылган. "Газпром" карыз 700 миллиондон ашканын айтып келет. Бирок аудит көрсөткөндөй, бересенин бир бөлүгүнүн тиешелүү документтери жок, калган бөлүгүнүн мөөнөтү өтүп кеткен. Текшерүүдө ошондой эле Кишинёв контрактты бузуу үчүн кенемте талап кыла аларын аныктады.

Ушу тапта орусиялык компания жикчил Приднестровье аймагына гана газ берүүдө.

Украина, Румыния жана Кара деңиз ортосунда орун алган Молдова көп учурда Москва менен Батыштын таасир талашынын чордонунда болуп келген. Кырдаал Москва Украинага басып киргенден кийин ого бетер курчуду. Анын үстүнө Принденстровьеде орустардын бир миңден ашуун аскердик контингенти жайгашкан.

Молдова Еврошаркетке кошулуу арызын 2022-жылдын мартында тапшырып, ошол эле жылдын июнунда талапкер макамын алган.

XS
SM
MD
LG