Иранда белгилүү режиссер жана анын аялы киши колдуу болду

Тегеран. Иллюстрация.

Иранда белгилүү режиссер Дариуш Мехржуи жана анын аялы өз үйүндө бычакталып өлтүрүлдү. Бул тууралуу 15-октябрда жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

IRNA агенттиги прокуратура өкүлү Хоссейн Фазелиге шилтеме кылып билдиргендей, алардын сөөгүн кызы ишембиде Тегерандан 30 чакырым аралыкта жайгашкан үйүнө барганда көргөн.

Маалыматтарга ылайык, учурда иликтөө жүргүзүлүүдө. Маркумдун жубайы мурдараак соцтармактан коркутууга кабылганын билдирген, алардын өлүмүнүн себеби тууралуу расмий маалымат бериле элек.

83 жаштагы режиссер 1970-жылдары Иран кино индустриясынын түптөөчүлөрдүн бири болгон. Ал тарткан тасмалары үчүн көптөгөн сыйлыктарды алган. Мехржуи өткөн кылымдын 60-жылдары Лос-Анжелестеги Калифорния университетинде окуган.

Дагы караңыз

Соттор кеңеши алты судьяны жоопко тартууга макулдук берген жокОоганстанда күчү 6,3 баллдык дагы бир жер титирөө болду Израилдин армиясы Газадагы операциясын күчөтүп жатканын билдирди Херсондо Орусиянын соккусунан киши өмүрү кыйылды