Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:31

Израилдин армиясы Газадагы операциясын күчөтүп жатканын билдирди


Израил аскерлери (ЦАХАЛ) Газадагы аскердик операцияларын күчөтүп, кургакта да чабуулун баштады. Жума күнү ЦАХАЛ Газа тилкесин ХАМАСтын согушкерлеринен тазалоого киришти.

ЦАХАЛдын Телеграмдагы билдирүүсүндө аскерлер абадан, деңизден жана жерден бирдей чабуул жасоого даярданып жатканы жазылган.

"ЦАХАЛдын аскерлери жана артиллериясы кийинки операцияларды баштоого даяр", - деп жазылган анда.

Израил армиясынын маалымат кызматы Ливан тараптан жасалган чабуулдарга да жооп кайтарылганын билдирген.

Ишемби күнү Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Абдоллахиан Ливандагы радикал "Хезболла" уюмунун лидерлери менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Жыйынтыгында "Хезболланын" башчысы Израилге каршы ХАМАСка кошулууга даярдыгын билдирген.

АКШ менен Евробиримдикте террордук деп табылган ХАМАС тобу 7-октябрда Газа тилкесинен Израилдин түштүгүнө чабуул жасаган. Израил буга жооп деп, Газа тилкесин аткылаган.

Израил ХАМАСтын чабуулунан 1300дөн ашуун адамы өлгөнүн кабарласа, Палестина Газаны аткылоодон 2200дөн ашык киши мерт кеткенин билдирүүдө. Согуш учурунда тараптардын маалыматтарын тактоо мүмкүн эмес.

Израил бийлиги 13-октябрдын кечинде Газа тилкесиндеги элди түштүк тарапка - коопсуз жакка кетүүгө үндөгөн. Ишемби күнү эвакуациянын мөөнөтү дагы алты саатка узартылган. Азырынча Газадан канча адам коопсуз жакка эвакуацияланганы тууралуу маалымат жок. Тилкенин түндүк тарабында миллиондон ашуун эл жашайт.

Washington Post басылмасы Израил армиясынын аткылоосуна качкындар колоннасы туш болгонун, андан ондогон адамдар мерт кетиши мүмкүндүгүн видеого шилтеме кылып жазды.

ЦАХАЛдын маалымат кызматы ХАМАС Газанын тургундарын эвакуациялоого тоскоолдук кылып жатканын билдирүүдө. Ага ылайык, жанкечтилер жолго постторду коюшкан. Ал эми Израилдин маалымат каражаттары ХАМАСтын лидерлеринин бири Исмаил Хания элди "өз жеринде калууга" чакырганын жазып чыгышты.

XS
SM
MD
LG