Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:20

Херсондо Орусиянын соккусунан киши өмүрү кыйылды


Ракета чабуулга кабылган оорукана. Берислав, Херсон. 5-октябрь, 2023-жыл.
Ракета чабуулга кабылган оорукана. Берислав, Херсон. 5-октябрь, 2023-жыл.

14-октябрда Украинанын Херсон облусундагы Берислав шаарына орус аскерлери ракетадан ок атышты. Жыйынтыгында 60 жаштагы аял мерт кетти. Бул тууралуу Херсон облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Прокудин Телеграм каналына жазды.

"Таңкы саат 6:00 чамасында орус аскерлери шаарга чабуул жасады. Атылган ракеталардын бири жер үйгө тийди. Урандылардын алдынан 60 жаштагы аялдын сөөгү табылды", - деп жазды ал.

Орус аскерлери дээрлик күн сайын Херсон облусун аткылап жатат.

Бир катар далилдерге карабай, Москва согуш башталгандан бери жай тургундар жашаган аймактар аткыланганын моюнга албай келет.

Орусия Украинага былтыр 24-февралда кол салган. Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) согуш башталгандан бери Украинада 10 миңден ашуун карапайым кишинин өмүрү кыйылып, жалпы 21 миңден ашуун жайкын тургун жапа чеккенин маалымдаган. Ага ылайык, жай тургундар негизинен артиллерия, танк, баллистикалык жана кадыресе ракеталардын аткылоосунан, абадан урулган соккулардын, анын ичинде дрондордун кесепетинен каза табууда.

XS
SM
MD
LG