ИИМ Бишкекте машина 500 миңге жеткенин, тыгынды жоюу оор экенин билдирди

Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте машина тыгынын жоюу оор маселе экенин 10-октябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов билдирди.

Депутаттардын бул көйгөй тууралуу суроосуна жооп берип жатып ал борбор калаада автомашиналар жарым миллионго жеткенин айтты:

“Бул абдан көйгөйлүү маселе, жергиликтүү бийлик менен бирге иштеп чыгуу керек. Тыгынды жоюш азыр абдан оор болуп жатат. Анткени борбор калаада жарым миллиондой автоунаа бар. Жергиликтүү бийлик, мэрия жолду канчалык кеңейтпесин, токтотуучу жай маселеси чечилмейинче тыгын пайда боло берет”.

Бишкекте коомдук транспорт маселеси негизги көйгөйлөрдүн бири. Быйыл муниципалдык автобус көбөйтүлүп, алар үчүн чоң жолдордо атайын тилке ачылды. Автобус менен каттаган жүргүнчүлөр барар жерине тоскоолдуксуз, тыгынсыз тез жетип ала баштаганы үчүн мэрияга ыраазычылыгын билдирип жатса, жеке транспорт ээлери тыгындын айынан кыйынчылыктарга туш болуп жатканын айтып арызданууда.

Мэр Эмилбек Абдыкадыров 2-сентябрда журналисттерге маалымат берип жатып «Бара-бара тартип болот. Автобус менен 15 мүнөттө жете турган жерге жеке машина менен жетүү 30 мүнөттү ала тургандай система түзөбүз. Эл туура түшүнүп, көнүп кетет деп үмүттөнөм» деп айткан. (RK)

Дагы караңыз

Европарламент Өзбекстан боюнча резолюция кабыл алды Матраимов менен Көлбаевди байланыштырган жагдайлар Жогорку Кеңештин 12-октябрдагы сессиясы кийинки аптага жылды