Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:28

Жогорку Кеңештин 12-октябрдагы сессиясы кийинки аптага жылды


Жогорку Кеңеш. Илююстрациялык сүрөт.
Жогорку Кеңеш. Илююстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеш 12-октябрдагы Орусия президентинин Кыргызстанга расмий сапары жана 13-октябрда Бишкекте өтүүчү КМШнын мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына байланыштуу бейшембидеги жалпы отурумун кийинки жумага жылдырды. Буга депутат Жаныбек Кыдыкбаевдин сунушу негиз берди.

"Эртең саммит, жолдор жабылат, өкмөттүн биздин жыйынга келип, суроолорго жооп берчү мүчөлөрү да бошобойт баары бир. Ошондуктан, эртеңки жыйынды келерки жумага жылдырып турсак", - деди Кыдыкбаев.

Сунушту 66 депутат колдоп, 12-октябрдагы жалпы отурум жылды.

Парламенттин басма сөз кызматынан "Азаттыкка" кабарлашкандай, 12-октябрда депутаттар башка иштери менен алек болушат.

12-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Сапар учурунда Путин Канттагы Орусиянын авиабазасына жана Бишкектин четиндеги “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барат.

13-октябрь күнү Бишкекте КМШнын мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт.
Буга байланыштуу 12-13-октябрь күндөрү Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын бир катар көчөлөрү белгилүү бир убактарда жабык болот. Шаардык транспорттун каттамы өзгөртүлүп, окуу жайлар, мектептер эки күн онлайн режимге өтүшөт. Бала бакчалар иштебейт.

Бул күндөрү коопсуздукка көз салууга төрт миңдей милиция кызматкери тартылат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG