Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:17

Европарламент Өзбекстан боюнча резолюция кабыл алды 


Европарламенттин отуруму. Иллюстрациялык сүрөт
Европарламенттин отуруму. Иллюстрациялык сүрөт

Европарламент тышкы иштер комитетинин Өзбекстан боюнча даярдаган докладын карап, резолюция кабыл алды.

Докладда былтыр Каракалпакстанда болгон кандуу окуялар сөз болуп, бери дегенде 21 киши мерт кеткени, 270тен ашууну жараат алганы, «кармалгандардын ырайымсыз мамилеге, кыйноолорго туш болгонун айтып бергени, курал-жарак негизсиз колдонулганы, тынч демонстранттарга каршы ашыкча чара көрүлгөнү» белгиленген.

Өзбекстандын бийлиги өлкөдө жарандык коомдун 10 миңден ашык уюму иш алып барганын айтып келет. Комитет белгилегендей, укук коргоочулар ошол уюмдардын көбүн өкмөт өзү түзгөнүн билдиришүүдө.

Freedom House эл аралык уюмунун быйылкы маалыматында Өзбекстан “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына киргизилген. “Чек арасыз кабарчылар” уюму 2023-жылы басма сөз эркиндиги боюнча рейтингде кошуна мамлекет 180 өлкөнүн арасынан 137-сапка жайгаштырылган.

Комитет ошондой эле быйылкы президенттик шайлоодо жана Конституцияны өзгөртүү тууралуу референдумда чыныгы саясий плюрализм жана атаандаштык болбогонун белгиледи.

Отчет авторлору “адам укуктары чөйрөсүндө олуттуу абал түзүлгөнүнө, кыйноолор, ар-намыска шек келтирген жазалоо ыкмалары, саясий туткундарды кармоо учурлары тууралуу кабарлар түшкөнүнө” көңүл бурушту.

Комитет Жаңы Өзбекстанды өнүктүрүү стратегиясынын алкагындагы дымактуу реформаларга дин эркиндиги жана басма сөз эркиндигин кепилдөөнү киргизүүнү сунуш кылды. Мындан тышкары демократиянын жана мыйзам үстөмдүгүнүн принциптерин кармануу рекомендациясы берилди.

Президент Шавкат Мирзиёев 19-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөндө өлкө эркиндик принциптерин пир тутарын айткан.

Отчетто Ташкент менен Еврошаркет ортосундагы кызматташтык тууралуу макулдашууга кол коюу маселеси да козголгон. «Озодлик» радиосу Европарламенттин сайтына таянып жазгандай, депутаттар Өзбекстан калкынын дээрлик жарымы таза сууга муктаж экенин айтышты. Маалыматка караганда, суу ресурстарынын 90% айыл чарбада пайдаланылат, 2050-жылга чейин суу запастары 15% кыскармакчы.

XS
SM
MD
LG