ЮНИСЕФ окуучу кыздардын укугу тууралуу иш-чара уюштурду

Кыздардын укугун коргоо талабы менен өткөн митинг. Бишкек. 8-март, 2023-жыл.

11-октябрь - Кыздардын эл аралык күнүн утурлай, ЮНИСЕФ "Кыздардын укуктарына инвестиция салыңыз: биздин лидерлик, биздин бакубатчылыгыбыз" деген темада иш-чара өткөрдү. Ага Чүй облусу жана Бишкек шаарындагы мектептердин окуучу кыздары катышып, бизнес, активдүүлүк, чыгармачылык жана IT чөйрөсүндөгү көрүнүктүү аялдардын кеп-кеңешин угушту. Андан тышкары кыздардын интеллекти боюнча сынактар өтүп, жарманке уюштурулду.

50 миңден ашуун кыз катышкан "Илимдеги кыздар" программасынын бет ачары болду.

Иш-чарага бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен чогуу балдар омбудсмени Асель Чынбаева да катышты.

"Кыздар - бул келечек гана эмес, бүгүнкүбүз дагы, биздин милдетибиз - аларга күчтүү жана көз карандысыз инсандар катары өсүп-өнүгүүгө мүмкүнчүлүк берүү", - деди ал.

Иш-чаранын жыйынтыгында "Кыргызстан кыздарынын резолюциясы" сунушталды.

Кыздардын укуктарын коргоодогу глобалдык платформа болуп саналган Кыздардын эл аралык күнү жыл сайын 11-октябрда белгиленет.

Кыргызстанда кыздардын укугу тебеленип, зордук-зомбулукка кабылган учурлар арбын катталат.

Укук коргоочу Назгүл Турдубекованын айтымында, 2021-жылы 300гө жакын кыз сексуалдык ыдык көрсө, 2022-жылы бул статистика эки эсе көбөйгөн.(ZKo)

Дагы караңыз

Кытайдын Кыргызстандагы элчисине "Достук" ордени ыйгарылды Поммершайм: “Чет элдик өкүл” мыйзамынын зыяны элге тиетИзраил Газа тилкеси менен чек арада көзөмөлдү калыбына келтирдиБажы кызматынын төрагасы Казакстан кармап жаткан жүктөр жөнүндө маалымат берди“Чет элдик өкүл” мыйзамы парламенттик дагы бир комитетте биринчи окууда колдоо тапты