Израилдин бийлиги Газа тилкеси толук блокадага алынганын жарыялады

Израил армиясынын соккусунан кийинки Газадагы абал. 9-октябрь, 2023-жыл.

Израилдин коргоо министри Йоав Галант Газа тилкесин толук блокадага алуу тууралуу буйрук бергенин 9-октябрда билдирди.

"Электр жарыгы, азык-түлүк, отун-суу болбойт. Биз варвардык террорчулар менен күрөшүп жатабыз жана тийиштүү жооп кайтарабыз", - деди Галант.

Газа тилкесинде 2,3 миллион киши жашайт. Буга чейин Израилдин Инфраструктура министрлиги соңку окуялардан кийин Газага суу берүүнү токтоткон.

Израилдин армиясы ХАМАС радикал тобунун жоочулары кирип барган калктуу конуштардын баарына көзөмөлдү калыбына келтиргенин 9-октябрда жарыялаган.

7-октябрда ХАМАС радикал кыймылы Израилге абадан чабуул коюп, бир нече калктуу конушка кирип барган.

Тель-Авивдин маалыматына караганда, аталган кыймылдын өкүлдөрү ондогон адамды барымтага алган. Кол салуу учурунда Израил тараптан каза болгон кишилер 700дөн ашкан, эки миңден көбү жараат алган.

Израилдин армиясы Газа тилкесине жооп катары абадан сокку ура баштаган. Палестин бийлигинин маалыматына караганда, Газа секторунда каза тапкандар 413кө жетти, жараат алгандар 2300 болду. Израилдин бийлиги 50 жылдан бери биринчи жолу согуштук абал жарыялады.

Дагы караңыз

Ногойбаеванын иши: Үч судьяны жоопко тартуу сунушу берилди Турсунтай Салимовдун бөгөт чарасы бүгүн каралатЭкономика боюнча Нобел сыйлыгын америкалык илимпоз алды