Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:25

Турсунтай Салимовдун бөгөт чарасы бүгүн каралат


Турсунтай Салимов.
Турсунтай Салимов.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Бишкектеги “Мадина” базарынын ээси Турсунтай Салимовдун кармалышынын мыйзамдуулугу боюнча маселе жана бөгөт чарасы бүгүн, 9-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Салимовдун өкүлү Нурлан Ибраимов билдирди.

Анын айтымында, Салимовду Кылмыш-жаза кодексинин "Уюшкан топту түзүү же ага катышуу" беренесинин "Уюшкан топко катышуу" бөлүгүнүн негизинде 7-октябрда кечинде кармап кетишкен.

Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Аталган мекеме азырынча расмий маалымат бере элек.

67 жаштагы Салимов Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын (2010-2015-жж.) депутаты, Бюджет жана каржы комитетинин мүчөсү болгон.

“Мадина” базарын ал 1990-жылдардын башында түптөгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG