Айпери Медет кызы Азия оюндарынын чемпиону болду

Айпери Медет кызы Азия оюндарында. 6-октябрь, 2023-жыл.

Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан XIX Азия оюндарында кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы алтын медал тагынды. Ал 6-октябрда кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта финалда казакстандык Жамиля Бакбергенованы 7:4 эсебинде утту. Медет кызы финалга чейин үч атаандашын жеңген.

Алгач кытайлык Ванг Жуанды 2:1, чейрек финалда вьетнамдык Данг Ци Линди 8:0, жарым финалда Кытай Тайбэйинин өкүлү Чанг Хюну 8:0 эсебинде утуп алган.

Айпери Медет кызы 2018-жылы Азия оюндарында коло медалга ээ болгон.

Бүгүн Айпери Медет кызынан сырткары күрөштүн бул түрүнөн 68 килограмм салмакта Нурзат Нуртаева финалда күрөшүп, күмүш медал тагынды. 62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова коло медал алды.

Айпери Медет кызынын байгесин кошкондо, Азия оюндарында Кыргызстан уткан медалдардын саны он үчкө жетти. Буга чейин грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов (77 кг), Жоламан Шаршенбеков (60 кг) жана дзюдочу Эрлан Шеров (90 кг) Азия оюндарында алтын медал тагынды. Күмүш медалдарды каратеден (кумите) Адилет Шадыканов (+84 кг) менен кыз-келиндер күрөшүнөн Нурзат Нуртаева (68 кг) алды.

Грек-рим күрөшүнөн Раззак Бейшекеев (67 кг), ушу-саньда боюнча Авазбек Аманбеков (56 кг) менен Темирлан Аманкулов (75 кг), жеңил атлетикадан Сардана Трофимова (марафон) жана каратеден (кумите) Назим Нурланов (75 кг) менен Кымбат Тойтунова (61 кг), кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова (62 кг) коло медал уткан.

Учурда Кыргызстан төрт алтын, эки күмүш жана жети коло байге менен командалык эсепте 21-орундан 16-орунга көтөрүлдү. Медалдардын саны боюнча Кытай (184 алтын, 103 күмүш, 59 коло), Жапония (44 алтын, 55 күмүш, 60 коло) жана Түштүк Корея (36 алтын, 47 күмүш, 83 коло) алдыңкы сапта.

Быйыл Азия оюндарына 45 өлкөдөн 12 500 спортчу катышып жатат. Алар спорттун 40 түрүнөн мелдешүүдө. Кыргызстандан спорттун 23 түрү боюнча 164 спортчу катышууда. Оюндар 8-октябрда жыйынтыкталат. (ECh)

Дагы караңыз

Айсулуу Тыныбекова Азия оюндарынын коло байгесин уттуЖеңил атлет Сардана Трофимова Азия оюндарынын коло байгесин уттуБалбан Акжол Махмудов Азия оюндарынын чемпиону болдуБалбан Жоламан Шаршенбеков Азия оюндарынын чемпиону болду