Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:26

Жеңил атлет Сардана Трофимова Азия оюндарынын коло байгесин утту


Марафондук жарыштын жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи. Юнис Чебичи Чумба (ортодо), Чжан Дэшунь (солдо) жана Сардана Трофимова (оңдо). Ханчжоу шаары. 5-октябрь, 2023-жыл.
Марафондук жарыштын жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи. Юнис Чебичи Чумба (ортодо), Чжан Дэшунь (солдо) жана Сардана Трофимова (оңдо). Ханчжоу шаары. 5-октябрь, 2023-жыл.

Кыргызстандык жеңил атлет Сардана Трофимова XIX Азия оюндарында коло медал тагынды. Ал 41 чакырым марафондук жарышка катышып, 2 саат 28 мүнөт 41 секундада марага жеткен.

Оюндардын расмий сайты жазгандай, марафондук жарышка 17 жеңил атлет катышкан. Бул жарышта биринчи орунду бахрейндик Юнис Чебичи Чумба утту. Ал мара сызыгынан 2 саат 26 мүнөт 14 секундада чуркап өткөн. Экинчи орунду кытайлык Чжан Дэшунь ээледи. Анын көрсөткүчү - 2 саат 27 мүнөт 55 секунд.

Сардана Трофимова - теги якутиялык атлет. 35 жашта, былтыр Кыргызстандын жарандыгын алган. Бул анын Кыргызстандын атынан катышкан алгачкы беделдүү мелдеши болду. Орусиянын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мурдагы мүчөсү. Марафондук жарыштан Орусиянын беш жолку чемпиону.

Сардана Трофимова.
Сардана Трофимова.

XIX Азия оюндары ушу тапта Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жатат. Кечээ, 4-октябрда, грек-рим күрөшүнүн балбандары Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков Азия оюндарында алтын медал тагынды. Ал эми балбан Раззак Бейшеккев коло медал утуп алды.

Буга чейин дзюдочу Эрлан Шеров алтын медал, ушу-саньда боюнча Авазбек Аманбеков менен Темирлан Аманкулов коло медал утушкан.

Учурда Кыргызстандын эсебинде Азия оюндарынын үч алтын, төрт коло байгеси бар. Командалык эсепте Кыргызстан 18-орунда келе жатат. Медалдардын саны боюнча Кытай (174 алтын, 95 күмүш, 52 коло), Жапония (37 алтын, 51 күмүш, 59 коло) жана Түштүк Корея (33 алтын, 45 күмүш, 71 коло) алдыңкы сапта.

XIX жайкы Азия оюндары 2022-жылы жылы өтүшү керек эле. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу 2023-жылга калган.

Быйыл Азия оюндарына 45 өлкөдөн 12 500 спортчу катышып жатат. Алар спорттун 40 түрүнөн мелдешүүдө. Кыргызстандан спорттун 23 түрү боюнча 164 спортчу катышууда.

Оюндар 8-октябрда жыйынтыкталат. (GT)

"Алтын медаль талыкпаган эмгектин арты менен келди"
please wait

No media source currently available

0:00 0:19:57 0:00

XS
SM
MD
LG