Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

Балбан Акжол Махмудов Азия оюндарынын чемпиону болду


Акжол Махмудов.
Акжол Махмудов.

Балбан Акжол Махмудов XIX Азия оюндарында алтын медал тагынды. Махмудов бүгүн, 4-октябрда грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмакта финалда ирандык Амин Кавиянинежадды жеңип, Азия оюндарынын чемпиону болду. Буга чейин Акжол Махмудов 2018-жылы Азия оюндарынын күмүш медалын тагынган.

Бул Акжол Махмудовдун акыркы эки жумадагы экинчи жеңиши. Сентябрдын аягында Махмудов Белградда өткөн дүйнө чемпионатында экинчи жолу дүйнө чемпиону болгон.

Махмудов мелдешти чейрек финалдан баштап, буга чейин эки атаандашын утуп, финалга чыккан. Алгач камбоджалык Сопак Кеоны, жарым финалда казак балбаны Азат Садыковду жеңген.

Махмудовго чейин балбан Жоламан Шаршенбеков Азия оюндарында алтын медал тагынды. Ал эми балбан Раззак Бейшеккев коло медаль утуп алды.

XIX Азия оюндары ушу тапта Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жатат. Мелдештерде кыргызстандык спортчулар жалпы үч алтын жана үч коло медаль утту. Буга чейин дзюдочу Эрлан Шеров алтын медаль, ушу-саньда боюнча Авазбек Аманбеков менен Темирлан Аманкулов коло медаль утушкан.

XIX жайкы Азия оюндары 2022-жылы жылы өтүшү керек эле. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу 2023-жылга калган.

Быйыл Азия оюндарына 45 өлкөдөн 12 500 спортчу катышып жатат. Алар спорттун 40 түрүнөн мелдешүүдө. Кыргызстандан спорттун 23 түрү боюнча 164 спортчу катышууда.

23-сентябрда башталган оюндар 8-октябрга чейин уланат. (GT)

"Алтын медаль талыкпаган эмгектин арты менен келди"
please wait

No media source currently available

0:00 0:19:57 0:00

XS
SM
MD
LG