Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Кыргыз геология" ишканасына эмдиги жылы бир миллиард сом бөлүнөрүн билдирди. Бул тууралуу ал 5-октябрда Кыргыз геология кызматынын 85 жылдыгына арналган мааракеде айтты. Анда тоо-кен тармагынан түшкөн киреше соңку жылдары көбөйгөнүн билдирди.
"Тоо-кен тармагы мамлекетке миллиарддаган кирешелерди берип жатат, ал эми ички дүң өнүмдүн көлөмү бир триллиондон ашты. Кумтөргө токтолсом, чындыгында Кумтөр экономиканын локомотиви, сыймыгы. Бийликтин ниети таза болгону үчүн азыр Улуттук банкта 50 тоннадан ашуун алтыныбыз турат – бул туруктуулук. Азыркы геосаясий жана экономикалык агымдардын өзгөрүп жаткан доорунда биздин өлкөнүн келечегине стабилдүү өнүгүүнү берет”,-деди. Жапаров.
Расмий маалыматка ылайык, тоо-кен тармагы 2020-жылы 18,2 миллиард сом киреше берсе, 2022-жылы 2,5 эсе көп, тактап айткан 48,4 млрд сом пайда түшкөн.
Кыргызстандын аймагында 15 миңден ашуун пайдалуу кен табылган жана анын 500ү ийне-жибине чейин изилденген. Учурда 345 кен мамлекеттик баланстын запасында турат.
Отун-энергетикалык ресурстары жаатында 26 кен бар, кымбат баалуу металлдар боюнча – 60, түстүү жана сейрек металлдар боюнча – 36, гипс, сары таш, туз жана башка ушул сыяктуу рудалык эмес – 38, курулуш материалдары боюнча 199 жерде материал алынат. “Жалал-Абад”, “Ысык-Ата”, “Арашан” сыяктуу 15тен ашуун минералдык суу кендери ачылган.
Садыр Жапаров 2021-жылдын башында ант берип, президенттик кызматка жаңы киришкенде чыгарган беш жарлыгынын бири тоо-кен тармагына тиешелүү болгон.
"Кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө" деп аталган документте бир катар чукул иш-чаралар каралган. Анда пайдалуу кен чыккан жерлерди мыйзамсыз казууга көзөмөлдү күчөтүү, анын ичинде лицензиялык тескөө, жер казынасын сарамжалдуу пайдалануу, өнөр жай багытында жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо өңдүү жоболор жазылган.
Эң негизгиси, 2021-жылдын июль айына чейин Тоо-кен кодекси иштелип чыгып, Жогорку Кеңешке жөнөтүлүшү керек болчу, бул кодекс азыркыга чейин кабыл алына элек.