Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:51

ЖК: Алимжанов тууралуу комиссия түзүү сунушу күн тартибинен алынды


Фарходбек Алимжанов.
Фарходбек Алимжанов.

Жогорку Кеңештин 5-октябрдагы жыйынында "Альянс" фракциясынан депутат болуп шайланган Фарходбек Алимжановдун мандатынан ажыратылганына байланыштуу депутаттык комиссия түзүү сунушун кароо күн тартибинен алынды. Мындай өтүнүч менен аталган фракциянын лидери Жанарбек Акаев кайрылды жана ага эмне себеп болгонун негиздеген жок.

Бишкек шаардык соту 2-октябрда Фарходбек Алимжановдун мандатынан ажыратылышына байланыштуу арызын карап, төмөнкү инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.

Сот чечими боюнча Алимжанов комментарий берген эмес.

20-сентябрда шаардык сотто дагы бир депутат Фархат Исмаиловдун арызы каралып, канааттандырылган эмес.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов (“Ата-Журт – Кыргызстан” фракциясы) менен Фарходбек Алимжановду ("Альянс") диплом чырына байланыштуу 6-июлда мандатынан ажыраткан. Анын алдында Билим берүү жана илим министрлиги дипломдору жасалма деп шек саналган депутаттар тууралуу материалдарды Боршайкомго жөнөткөнү маалым болгон.

Эки депутат БШКнын чечими боюнча сотко арызданган. Бишкек шаардык административдик соту алардын арызын август айында карап, четке каккан.

“Альянс” фракциясы Алимжановдун мандатынын алынышы боюнча БШКнын чечимин сындап, сотту бул маселени калыс кароого чакырган. Фракция ошондой эле 21-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында маселени териштирүү үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштап, депутаттар аны колдогон жок.

Былтыр апрель айында Улуттук коопсуздук комитети Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановдун жогорку билими тууралуу документтери жасалма болуп чыкканы тууралуу БШКга маалымат берилгенин билдирген.

Парламенттин сайтындагы маалыматка ылайык, Исмаилов Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетти жана Юридикалык академияны аяктаган. Ал эми Алимжанов жогорку билимди алгач Ош мамлекеттик университетинде, андан кийин президентке караштуу Башкаруу академиясында алган.

Экөө тең дипломдору жасалма деген маалыматты четке кагып, мандатын коргоо үчүн мыйзамдуу кадамдарга бара турганын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG