Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:02

ЖК эркек-аялдын тең укуктуулугу жөнүндөгү мыйзамды четке какты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеш 5-октябрдагы жыйынында “Эркектер жана аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорун карап аны четке какты.

Бир катар депутатттар документ чийки экенин, тең укуктуулукту жетиштүү деңгээлде коргоп, камсыз кыла албасын айтышты. Депутат Гуля Кожокулова болсо долбоор аялдардын укугун бузат деп сындады.

"Бул редакциялык мүнөздөгү өзгөртүүлөр эмес. Эки гана беренедеги "өкмөт" деген сөздү "Министрлер кабинети" деп өзгөртүп коюшуптур. Долбоордогу 9-берене "Мамлекеттик башкаруудагы гендердик теңчиликтин кепилдиги" тууралуу жазылган. Ал жактан бул жобону аткарбаган мамлекеттик мекемелердин жетекчилери жоопркерчиликке тартылат деген жобону алып салышкан. Демек эч ким жоопкерчиликке тартылбайт. Укуктардын жана мүмкүнчүлүктөрдүн теңдиги деген - аялдарды кызматка коюуда дагы колдонулушу керек. Бул мыйзам дискриминациялык гана эле эмес, ал аялдардын укугун бузат",-деди Кожокулова.

Бул мыйзамды талкуулоо Бишкектин четиндеги Селекция айылында мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кесип, кордогон Асел Ногойбаеванын окуясы коомчулукта кызуу талкууланып жаткан маалга туш келди. Мындан улам бир катар депутаттар аялдарды зордук-зомбулуктан сактоо, зөөкүрлөргө убагында жана жетиштүү чара көрүүгө байланыштуу маселелерди көтөрдү.

Натыйжада бул долбоор парламентте колдоо тапкан жок. Эми документтин авторлору айтылган сын-сунуштардын негизинде кайра жазып, алты айдан кийин гана Жогорку Кеңешке алып келиши керек.

Бул долбоор өткөн аптада дагы талкууланган жана нааразылыктардан улам күн тартибинен алынган.

XS
SM
MD
LG