Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кара-Балтадагы мунай иштеткен "Жунда" заводу эки жылдын ичинде ишин кайра жандантарын билдирди. Ал 4-октябрда парламент жыйынында орун басары Бакыт Төрөбаев жакында эле Кытайга барып, бул маселени чечип келгенин маалымдады.
"Биз "Жунда" маселесине толугу менен чекит койдук. Аны эки жылдын ичинде ишке киргизебиз. Азыр 550 миллион долларлык инвестиция салынмай болду. Ал жерде бир жеке адам бар экен. Кытай өкмөтү анын үлүшүн дагы сатып алды. Эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашуулар түзүлдү. Заводду жаңылоону аягына чыгарсак өзүбүзгө жетиштүү күйүүчү майды кайра иштерип, чыгара алабыз",-деди Жапаров.
Кыргыз өкмөтү өткөн аптада Бакыт Төрөбаев Кытайдагы иш сапарында Шэньси көмүр-химиялык мамлекеттик корпорациясынын "Жунда" ишканасынын жетекчиси Чжан Вэньци менен сүйлөшүп келгенин кабарлаган. Жолугушууда Кара-Балта шаарындагы нефтини кайра иштетүүчү “Чайна Петроль Компани” ишканасын модернизациялоонун экинчи этабын баштоо маселеси талкууланганын, Шэньси провинциясынын жетекчилиги “Жунда” долбоорун улантууга көңүл буруларын айтып, атайын жумушчу топ түзүлгөнүн билдирген.
Август айында Акылбек Жапаров “Жунда” заводуна барып, өндүрүш аймактары менен таанышып, төрт жылдан бери токтоп турган заводду ишке киргизүү жана модернизациялоо маселеси каралган.
“Жунданын” иши 2019-жылы токтоп калган. Алгач анын себеби айтылбай, кийин 2020-жылы пандемияга байланыштуу экени кабарланган. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары завод коррупциянын айынан иштебей турганын, ишкана текшерүүлөрдөн тажап, ишин токтотуп койгонун айтып чыккан.
"Жунда" жыл сайын 800 миң тонна мунайды кайра иштетүүгө ыңгайлашкан. Кытайлык инвестор аны курууга 300 миллион доллар жумшаган. Завод 2013-жылы ишке берилип, бир жылдан кийин аз убакытка өндүрүшү токтоп, кайра уланган.
2015-жылы ошол кездеги Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча кызматы (Финансы полициясы) заводдун айрым кызматкерлерине "салыкты жашырды" деген айып менен кылмыш ишин козгогон. 2018-жылдын аягында Жайыл райондук соту бул ишти карап, "кылмыштын курамы жоктугуна" байланыштуу аларды актаган.
Дагы караңыз
Ысык-Көл өнүктүрүү фондунда 666 млн сомдой мыйзам бузуу табылдыСокулукта өспүрүмдү урган деп шек саналган эки адам кармалдыВенецияда автобус көпүрөдөн кулап, 20дан ашык жүргүнчү мерт болду АКШда Өкүлдөр палатасы спикер Кевин Маккартини отставкага кетирди Бишкек мэри кийинки эки жылда шаар толук газдаштырыларын айтты Түндүк-түштүк кошумча жолуна түшкөн таш тазаланып жатат Литва Украинадан дан ташуу үчүн Балтика деңизинен коридор ачты Кемпир-Абад иши: сот жараяны ачык өтүшүн талап кылгандар акцияга чыктыАзери медиасы Тоолуу Карабактын үч экс-президенти кармалганын жазды Шакиев баштаган депутаттар тобу Беларуска иш сапар менен кетти