Сокулук районунда 16 жаштагы өспүрүмдү сабаган деген шек менен эки адам кармалды. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын билдиришинче, райондук милицияга 29-сентябрда Б.С. аттуу жаран өспүрүм уулу сабалганы тууралуу милицияга кайрылган. Анда “Б” аттуу жаранды, анын уулуна жана дагы аты-жөнү белгисиз дагы бир адамды айыптап, аларга чара көрүүнү суранган.
"Бул факт Сокулук милициясына катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки териштирүү башталган. Анын алкагында кылмышка шек саналып 1959-жылы туулган М.Э. менен 1964-жылы туулган М.К. кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылууда.
Сокулук милициясы талаш-тартыш эмнеден улам чыкканын тактаган жок. Кармалган жарандардын жакындары жана туугандары дагы комментарий бере элек.