Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:45

Бишкек мэри кийинки эки жылда шаар толук газдаштырыларын айтты


Бишкекте газдаштыруу маселеси айрыкча кыш мезгилинде, ыш көйгөйүнөн улам көтөрүлүп келет.
Бишкекте газдаштыруу маселеси айрыкча кыш мезгилинде, ыш көйгөйүнөн улам көтөрүлүп келет.

Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров 2024-2025-жылдары шаар толугу менен газдаштырыларын айтты. Ал 4-октябрда парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, учурда 11 конушту газдаштыруу иштери аяктап калганын кабарлады.

Ушул жылдын август айында “Газпром Кыргызстан” 2023-жылы шаарда жалпысынан 218 чакырымдык газ түтүктөрүн орнотуу пландалганын билдирген. Буга чейинки иштердин жыйынтыгы менен 45 миң үй газга туташканын, быйыл 11 калктуу конуштагы долбоордун алкагында 10 миң үйгө газ берилерин белгилеген.

Шаардык мэрия июлда жер тамдарда жашаган тургундарды үйлөрүн газ менен жылытууга өтүүгө чакырып, газдаштыруу үчүн жеңилдетилген насыя берилип жатканын маалымдаган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров анын алдында Санкт-Петербург шаарындагы сапары алкагында "Газпром" компаниясынын башчысы Алексей Миллер менен жолуккан. Өкмөттүн басма сөз кызматы анда газ менен камсыздоо жаатында эки-өлкөнүн алака-катышы талкууланганын билдирген.

Жыл башында өкмөт башчы Бишкектеги ыш көйгөйүнөн улам шаардын жака белиндеги 20 конушту жакын арада газдаштыруу керектигин айткан. Ал тиешелүү министрликтерге жана Бишкек шаардык мэриясына бул жаатта “Газпром” менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү тапшырган.

Шаардын жака-белиндеги 50гө жакын конуштун 27си газдаштырылган.

2014-жылы Кыргызстандын “Кыргызгаз” ишканасы символикалуу түрдө Оруcиянын “Газпромуна” 1 АКШ долларына сатылып, “Газпром-Кыргызстан” компаниясы түзүлгөн. Кийин ага "Ошгаз" ишканасы да өткөн.

Ортодо түзүлгөн келишим боюнча компания Кыргызстандын аймактарына газ түтүктөрүн орнотуп, бул багыттагы инфраструктураны өнүктүрүүгө беш жыл ичинде 20 млрд. рубл жумшоону убада кылган.

XS
SM
MD
LG