Кемпир-Абад иши: сот жараяны ачык өтүшүн талап кылгандар акцияга чыкты

Соттун алдына нааразылык акциясына чыккандар, 4-октябрь, 2023-жыл.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун алдында 4-октябрда Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалгандардын жакындары, туугандары сот процессинин ачык өтүшүн талап кылып акцияга чыкты.

27-сентябрда Кемпир-Абад иши боюнча белгиленген сот болбой калган. Буга сот процесси өтчү залда аудио жана видео жаздыруу аппараттары иштебегени негиз болгон. Мунун алдында сот отурумун ачык өткөрүүнү талап кылган шектүүлөр залдан чыгарылган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер былтыр октябрда камалган. Ушу тапта кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Калгандары буга чейин түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин июнь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Ушундан улам сот жабык өтүп жатат.
Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деген айып койгон. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон. Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпатташкан. (MKt)

Дагы караңыз

Азери медиасы Тоолуу Карабактын үч экс-президенти кармалганын жазды Шакиев баштаган депутаттар тобу Беларуска иш сапар менен кетти Литва Украинадан дан ташуу үчүн Балтика деңизинен коридор ачты Президент “Конституциялык сот жөнүндө” талаштуу мыйзамга кол койду Чүйдө эки жашар баланын өлүмүнө шек саналып анын энеси камалды ЖКда эгемен тарыхтагы негизги саясий окуяларды окутуу сунушталды Бишкекте 40тай тез татым жайы текшерилди, 10у убактылуу жабылды