Литва Украинадан дан ташуу үчүн Балтика деңизинен коридор ачты

Клайпеда порту, Литва. Архивдик сүрөт.

Литва Украинанын данын Балтика деңизиндеги порттор аркылуу ташуу үчүн коридор ачты. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Габриэлюс Ландсбергис Х социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

"Орусия азык-түлүктү талкалап, бүлүндүрүп жатат. Литва болсо аларды жеткирип жатат. Балтикадагы порттор аркылуу дан ташууга коридор ачуу макулдашылды жана жактырылды. Бул украин чек арасындагы басымды жеңилдетет жана Африкага жана андан ары дан ташууну көбөйтөт. Кызматташуу жемишин берип жатат",-деп жазды министр.

Муну менен катар Украинанын, Польшанын жана Литванын айыл чарба министрлери эки күндүн ичинде украин-поляк чек арасындагы санитардык жана ветеринардык көзөмөлдү Литванын Клайпеда портуна көчүрүүнү макулдашты. Бул Польша аркылуу дан жана башка айыл чарба өнүмүн ташууну тездетмекчи.

Литва июль айынын аягында Украинадан Европа Биримдигине дан ташуу үчүн кошумча жол катары Балтикадагы портторду колдонууну сунуштаган.

Украина – дан азыктарын ири көлөмдө экспорттогон өлкө. 2022-жылы февралда Орусия Украинага кол салгандан кийин анын Кара деңиздеги портторун флот аркылуу бөгөттөп, Киевдин дан азыктарын экспорттошуна мүмкүнчүлүк бербей койгон.

2022-жылы 22-июлда Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдө Украина, Орусия жана Түркия Бириккен Улуттар Уюмунун ортомчулугу менен дан экспортун кайра жандантуу боюнча келишкен эле. Украина Түркия жана БУУ менен өзүнчө келишимге кол койгон. Ал эми ушул келишимди Орусия тарап Түркия жана БУУ менен өзүнчө түзүп, милдеттенме алган.

БУУнун маалыматына караганда, ошондон бери Украинанын түштүк портторунан чыккан кемелер текшерүү үчүн Түркияга токтоп, миллиондогон тонна азык-түлүктү дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө ташып турган. Дан келишими жалпысынан үч жолу узартылды. Соңку келишимдин мөөнөтү 17-июлда аяктап, Москва аны узартуудан баш тарткан.

Дагы караңыз

Азери медиасы Тоолуу Карабактын үч экс-президенти кармалганын жазды Чүйдө эки жашар баланын өлүмүнө шек саналып анын энеси камалды ЖК комитети "Чет элдик өкүл" мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды Бишкекте 40тай тез татым жайы текшерилди, 10у убактылуу жабылдыПрезидентке кайрылган миңден ашык соттолуучунун 330уна ырайым берилди