Парламенттеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитети билим берүү жана илим министри кызматына Догдургүл Кендирбаеванын талапкерлигин карап жатат. Анда суроо берүү учурунда депутат Жусупбек Коргонбай уулу мектептерде өлкөнүн эгемен тарыхындагы бийлик алмашуу менен аяктаган ыңкылап өңдүү негизги саясий окуялар окутулушу керектигин билдирди.
"Кыргызстандын тарыхы деген китеп бар. 2005-жылы Кыргызстандын тунгуч президенти качып кетти, 2010-жылы Курманбек Бакиев качты, бул окуялар качан тарых сабагына кирет? Же биз тарых сабагынан 1917-жылдагы революцияларды окутуп жүрө беребизби? Жаш муун өлкөнүн эгемен тарыхындагы ар бир баскан жолду, мамлекеттин өнүгүү жолун билиши керек. Мисалы, Садыр Нуркожоевичтин камалганын, чыгып президент болгонун, баарын окуучулар, жаш муундар билиши керек",-деди Коргонбай уулу.
Кендирбаева бул сунуш эске алынарын айтты.
Мунун алдында Социалдык саясат комитети министрлик кызматына Кендирбаеванын талапкерлигин жактырган. Ал президент Садыр Жапаровдун буйругу менен 28-сентябрда министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Дагы караңыз
Президентке кайрылган миңден ашык соттолуучунун 330уна ырайым берилди Бишкекте 40тай тез татым жайы текшерилди, 10у убактылуу жабылдыБишкекте шаурмадан жапырт уулангандардын саны 70тен ашты ЖК: комитет карызын аэропорттордо төлөөгө жол ачкан мыйзамды колдоду Косово Сербияны аннексиялоо аракетине байланыштуу айыптадыКазакстан: петицияда 50 миңден ашык кол топтогон маселе өкмөттө каралат