Кендирбаева: Мугалимдерди иш-чараларга тартуу окуу процессин үзгүлтүккө учуратууда

Догдуркүл Кендирбаева.

Кыргызстанда мугалимдердин ишембиликке жана массалык иш-чараларга тартылып жатышы окуу процессин үзгүлтүккө жаратып жатат. Мындай пикирин билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Догдуркүл Кендирбаева 3-октябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Ал мугалимдер өзүнүн тармагы боюнча гана иш-чараларга катышуусу керектигин кошумчалады. Бул боюнча мыйзамда да каралганын, анда окуу процессине тоскоол болчу иш-чараларга тыюу салынганын белгиледи.

Мугалимдердин массалык иш-чараларга милдеттүү катыштыруу маселеси коомчулукта утур-утур талкууланып келет. Буга чейин мугалимдерди шайлоодо үгүт иштерине катыштырган учурлар да катталган.

Парламенттеги тармактык комитет 3-октябрдагы жыйында билим берүү жана илим министри кызматына Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлигин карап, жактырды. Аны президент Садыр Жапаров 28-сентябрда министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындаган.

Догдуркүл Кендирбаева “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун аткаруучу директору болуп иштеп келген. Ал 2012-жылдары билим берүү жана илим министринин орун басары болуп иштеген.

Дагы караңыз

Президентке кайрылган миңден ашык соттолуучунун 330уна ырайым берилди Бишкекте 40тай тез татым жайы текшерилди, 10у убактылуу жабылдыБишкекте шаурмадан жапырт уулангандардын саны 70тен ашты ЖК: комитет карызын аэропорттордо төлөөгө жол ачкан мыйзамды колдоду