Казакстан: петицияда 50 миңден ашык кол топтогон маселе өкмөттө каралат

Казакстанда жүргүзүлгөн петициялардын бири.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев петиция аркылуу 50 миңден ашык жарандын колу топтолгон маселени өкмөттө кароого милдеттендирген мыйзамга кол койду.

Коомдук көзөмөл жөнүндөгү мыйзамдагы өзгөртүүлөргө ылайык, петицияны баштоо, аны кароо тартиби аныкталды. Документте жарандар петицияны атайын интернет-портал аркылуу жүргүзө алары көрсөтүлгөн. Ал коомго жеткенге чейинки жараянды атайын ыйгарым укуктуу орган мыйзамда көрсөтүлгөн талаптын негизинде көзөмөлдөй турганы жазылган.

Ошондой эле петициянын каралышын талап кылуу райондук, облустук жана республикалык деңгээлинен, маселенин өзүнөн жана адамдардын санынан көз каранды болору белгилеген.

Казакстанда буга чейин айрым мамлекеттик кызматкерлерге нааразы болгондор алардын иштен алынышын талап кылып петиция аркылуу кол топтогон учурлар болгон. Жайында Алматынын тургундары шаардын акимин кызматтан алуу үчүн петиция баштаган. Ушул тушта бул демилгени 75 миңден ашык адам колдоду. Ошондой эле кытайлык жарандардын визасыз каттамына каршы чыккандар дагы петицияга кол чогултабаштаган.

Бирок мыйзамдарга ылайык, казакстандыктар акимдердин жана министрлердин отставкасын петиция аркылуу талап кыла албайт. Ошондой эле өлкөдөгү башкаруу формасын, административдик-аймактык түзүлүшүн, чек араны өзгөртүү, амнистия, улуттук коопсуздукка байланыштуу маселелерди көтөрүүгө тыюу салынган.

Дагы караңыз

Бишкек шаарындагы тез татым түйүндөрү жапырт текшерилет Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертүү системаларын текшерет ЮСАИД китепканаларга балдар үчүн басылган 68 миңден ашык китеп беретСелекциядагы зомбулук: Базарбеков пробация колдонгон судьяны сындадыБазарбеков судьяларга коррупциядан оолак болууну эскерткенин айттыБишкек мэриясы сары тилкелерде эко-таксилер каттай баштаганын билдирди Садыр Жапаров тарыхый инсандарды даңазалоого мезгил жеткенин айтты Байден Конгрессти Украинага жардам берүүдө мунасага келүүгө чакырды