Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:22

Бишкек шаарындагы тез татым түйүндөрү жапырт текшерилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкекте тамак-ашка жапырт ууланган окуядан улам шаардагы тез татым түйүндөрүнүн баарын текшерүүнү тапшырды.

Маалыматты аталган министрликтин басма сөз кызматы ырастады.

Мунун алдында шаарда шаурмадан уулангандардын саны 43кө жеткени белгилүү болгон. Учурда алардын 23ү ооруканада жатат, арасында эки бала бар.

Бейтапканага түшкөндөрдүн абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда. Калган 20 адам медициналык жардам алгандан кийин амбулатордук дарыланууга жиберилди.

Шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору жапырт уулануу Чүй жана Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Беш лаваш" жана "Мидос" тез татым жайларында болгонун кабарлаган. Бул жайларга 72 миң сом айып пул салынып, текшерүүдө аныкталган кемчиликтерди жойгонго чейин жабылган.

Кыргызстанда буга чейин дагы тез татым жайларында, кафе-ресторандарда жапырт ууланган учурлар болгон.

XS
SM
MD
LG