Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:35

ЮСАИД китепканаларга балдар үчүн басылган 68 миңден ашык китеп берет


ЮСАИДдин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тараткан сүрөт.
ЮСАИДдин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тараткан сүрөт.

АКШнын эл аралык өнүгүү агенттиги (ЮСАИД) Кыргызстандагы китепканаларга балдар үчүн басылган 68 680 китеп таратат. Аталган уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тараткан маалыматка ылайык, бул "Окуу керемет!" долбоорунун негизинде ишке ашып жатат.

"Жаңы китептер ЮСАИДдин "Окуу керемет!" долбоорунун негизинде түрлүү жанрлардагы 1,5 миңдей китеп жазган 80 жергиликтүү автордун жана 35 иллюстратордун биргелешкен эмгегинин жемиши. Китептер үй-бүлө жана достук, сый-урмат, көп түрдүүлүктү таануу сыяктуу баалуулуктарды камтыйт, билим алууга ынтызарлыкты жана чыгармачылыкты өнүктүрөт. Бул китептердин электрондук нускаларын, анын ичинде жаңдоо тилине которулган 40 китепти Билим берүү жана илим министрлигинин сайтынан, эл аралык Bloom Library санарип китепканасынан тапса болот. 2024-жылдын аягына чейин долбоорго кирген 1681 мектеп жарым миллиондон ашык балдар китептерин алат",- деп жазылган маалыматта.

USAIDдин "Окуу керемет!" долбоору башталгыч класстарда окуган 450 000 окуучунун окуу жана математикадан жетишкендиктерин жогорулатууга багытталган.

Долбоор Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте ишке ашырылып жатат жана өлкөдөгү жалпы мектептердин 75% камтыйт.

XS
SM
MD
LG