Ысык-Көлдө күчү очогунда 4,5 баллга жеткен жер титирөө болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Сейсмология институтунун билдиришинче, Ысык-Көл облусунда 1-октябрда таңкы саат 03.30дар чамасында күчү очогунда 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

"Жердин силкинүүсү Кажы-Сай, Бөкөнбаев, Туура-Суу айылдарында 4 балл, Тоң, Темир-Канат, Эшперов, Төрт-Күл айылдарында 3,5 балл, Тамга айылында 3 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок",-деп жазылган маалыматта.

Кыргызстанда 12 район сейсмикалык кооптуу зонада жайгашкан. Чүй облусунда сейсмикалык кооптуулугу жогору болгон зонага - Бишкек шаары, Аламүдүн жана Сокулук райондору кирет. Жалал-Абад облусунда - Базар-Коргон, Ноокен жана Сузак райондору, Ош облусунда — Ош шаары, Араван, Кара-Суу жана Өзгөн райондору, ал эми Баткен облусунда - Кадамжай району, Нарын облусунда - Кочкор району кооптуу зоналар болуп саналат.

Өлкөдө жылына орто эсеп менен 3000 жер титирөө катталат, анын он-жыйырмага жакыны беш баллдан ашкан магнитудадагы жер титирөөлөр. Жер титирөөнүн очогу жер кыртышынын чегинде жайгашкан. Көпчүлүк гипо-борборлор 5 чакырымдан 25 чакырымга чейинки тереңдикте орун алган.

Дагы караңыз

“Кыргыз темир жолу”: Бээжинде темир жол куруу долбоору талкууланат АКШ: Өкүлдөр палатасы убактылуу, 45 күндүк бюджетти жактырды Акылбек Жапаров "Кыргызкөмүрдүн" маселелерин чечүүнү тапшырды Армения Азербайжанга каршы БУУнун эл аралык сотуна арыз бердиТөрөбаев үч өлкөнүн темир жол куруу долбоору токтобогонун айттыУкраинадагы согушта өлгөн 33 миң орусиялык жоокердин тек-жайы такталды Өкмөт 2024-жылы ички дүң өнүм 1,5 трлн сомдой болот деп болжоп жатат