Президент Садыр Жапаров Германиянын канцлери Олаф Шольцтун чакыруусу менен 29-сентябрда Берлин шаарында биринчи жолу өтө турган Германия- Борбор Азия саммитине катышат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Анын сөзүнө караганда, Садыр Жапаров Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү да өткөрөт.
Сапардын алкагында Борбор Азия лидерлеринин Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана немис ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен биргелешкен жолугушуусуна да катышары пландалууда.
19-сентябрда Нью-Йоркто Борбор Азия - АКШ же C5+1 форматындагы саммит өткөн. Ага АКШнын, Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын президенттери катышкан. Саммитти АКШнын президенти Жо Байден “тарыхый учур” деп сыпаттаган. (BTo)
Дагы караңыз
Селекцияда зомбулук көргөн келиндин абалы тууралуу маалымат берилди Турак жай кооперативдерин көзөмөлдөөчү органды аныктоо каралуудаТоолуу Карабактан Арменияга жер которгондор 50 миңге чукулдадыЭдил Байсалов менен Алтынбек Максүтов президенттен эскертүү алдыКемпир-Абад иши: абактагы төрт саясатчынын адвокаттары эл аралык уюмдарга кайрылды