Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:03

Тоолуу Карабактан Арменияга жер которгондор 50 миңге чукулдады


Тоолуу Карабактан Арменияга бараткандар.
Тоолуу Карабактан Арменияга бараткандар.

Азербайжандын толук көзөмөлүнө өткөн Тоолуу Карабактан Арменияга жер которгондордун саны 27-сентябрда 47 миңден ашты. Алардын 23 миңге жакыны расмий каттоодон өткөнүн армян өкмөтү билдирди.

Аймактын жикчил бийлиги Тоолуу Карабактагы 120 миңдей этностук армяндын басымдуусу Азербайжандын курамында жашагысы келбей турганын, алар "эски журтун таштап, жер которуп кетерин" айткан.

Армян өкмөтү барар жери жокторго убактылуу үй-жай берилип жатканын маалымдаган. Ереван Бакунун карамагына өткөн аймакта этностук армяндардын тынч жашоосуна кепилдик жоктугун белгилеп, качкындарды кабыл алуу мөөнөтү чектелбей турганын да жарыялаган. Журналисттер качып келаткандардын саны көбөйүп жатканын жазууда.

Азербайжан Тоолуу Карабактагы "антитеррордук" деп сыпатталган аскердик операцияны 19-сентябрда баштаган. Дээрлик 24 саатка созулган чабуулдардан кийин расмий Баку талаштуу аймакка өз көзөмөлүн орнотконун жарыялаган.

Баку бул операцияда эки жүзгө жакын аскери каза тапканын билдирди. Армения Тоолуу Карабакта жашаган 200 киши мерт болгонун кабарлаган.

АКШ жана Германия Карабакка эл аралык байкоочуларды киргизүүгө чакырууда.

XS
SM
MD
LG