Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:23

Эдил Байсалов менен Алтынбек Максүтов президенттен эскертүү алды


Эдил Байсалов жана Алтынбек Максүтов. Коллаж.
Эдил Байсалов жана Алтынбек Максүтов. Коллаж.

Президент Садыр Жапаров эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтовго эскертүү берди.

Өлкө башчынын басма сөз кызматы 27-сентябрда билдиргендей, мындай чечим Сербияда өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрүн “Манас” эл аралык аэропортунан тосуп алуу "жетиштүү деңгээлде уюштурулбаганы үчүн" кабыл алынган.

16-24-сентябрь күндөрү Сербиянын Белград шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 кг, Жоламан Шаршенбеков күрөштүн ушул эле түрүнөн 60 кг, Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 кг салмакта алтын медал тагынды. Балбандар 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиадага жолдомо алышты.

Ушул эле мелдеште Айпери Медет кызы (76 кг) күмүш алып, Олимпиадага лицензия утту. Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг) эркин күрөштөн коло медалга ээ болду.

Дүйнө чемпионатында кыргызстандык спортчулар үч алтын, бир күмүш жана бир коло менен жалпы командалык эсепте Жапония менен АКШдан кийин үчүнчү орунду ээледи. Мелдешке 30 мамлекеттин балбандары катышты.

Спортчулар Кыргызстанга үч топко бөлүнүп кайтып келишкен. Президенттин басма сөз кызматы жеңүүчүлөрдү тосуп алууда кандай алешемдик кеткени тууралуу так маалымат берген жок.

26-сентябрда Садыр Жапаров “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында медал алган спортчуларга акчалай сыйлыктарды тапшырды. (BTo)

XS
SM
MD
LG