Тажикстанда акыркы бир жумада ун дээрлик 20% кымбаттаганын "Азаттыктын" тажик кызматы жазды.
25-сентябрда Дүйшөмбү шаарынын базарларында биринчи сорттогу бир мүшөк ундун баасы 330 сомониге (30 долларга жакын) чыкты. Он күн мурун 270 сомониден сатылган. Ишкерлер ун сырткы факторлордон улам кымбаттап жатканын айтышат. Монополияга каршы кызмат муну Казакстанда ундун баасы көтөрүлгөнүнө байланыштырды.
Тажикстан өз буудайы менен элдин муктаждыгын камсыздай албайт. Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, тургундардын унга болгон жылдык керектөөсү 1,5 миллион тоннаны түзөт. Дан жана ун негизинен Казакстандан сатып алынат.
Өкмөт ун мындан ары да кымбаттаса, кандай чара көрүлөрүн билдирген жок.
Кыргызстанда да ун кымбаттап, сентябрдын ортосунда Министрлер кабинети буудайды жана унду өлкөдөн ташып чыгууга алты айга тыюу салган токтом кабыл алган.
Дагы караңыз
Бишкекте батирди мыйзамсыз ижарага бергендер текшерилип жататТаласта Нылды айылынын тургундары акцияга чыгыштыДепутат тоют кымбаттыгынан мал чарбасы жабыркап жатканын айтты