Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:58

Депутат тоют кымбаттыгынан мал чарбасы жабыркап жатканын айтты


Жумгалдын Кызарт айылы. Иллюстрация.
Жумгалдын Кызарт айылы. Иллюстрация.

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев 26-сентябрда парламенттин тармактык комитетинде тоют маселесин көтөрдү. Ал чөп кескин кымбаттап, Нарында фермерлер малын сата баштаганын айтты.

“Нарын облусунда чарбасы бар адамдар малын бүт сатып жатат. Себеби чөптүн бир боосу 450 сомго чыкты. Бул кышта чоң көйгөй болот. Баарын сатып ийсе, кийин эмне кылат?” - деди депутат.

Жамгырчиев өкмөттү малчыларга арзандатылган насыя берүүгө чакырды.

Кыргызстандык фермерлер быйыл өлкөнүн көпчүлүк аймактарында тоют жакшы болбой калганын айтып жатышат. Мындан улам бир таңгак чөп быйыл 450-350 сомго чыкты. Былтыр 250-350 сомдон сатылган болчу.

2020-жылы Кыргызстанда тоютту сыртка сатууга салынган тыюунун мөөнөтү быйыл дагы алты айга узартылган. Быйыл кышында кар аз жаап, жайкысын күн ысык болгондуктан, тоют аз камдалды. Айрым аймактарда калктын басымдуу бөлүгү мал чарбачылыгы менен жан сакташат. (TSh)

XS
SM
MD
LG