Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:17

Таласта Нылды айылынын тургундары акцияга чыгышты


Талас облустук администрациясынын алдына чогулгандар. 26-сентябрь, 2023-жыл.
Талас облустук администрациясынын алдына чогулгандар. 26-сентябрь, 2023-жыл.

26-сентябрь күнү Талас облустук акимчилигинин алдына бир нече жаран бир нече маселени чечип берүүнү талап кылып акцияга чыгышты. Маалыматты "Азаттыкка" облус акимчилигинин басма сөз катчысы Бакай Садыров ырастады.

Нааразы тарап Талас - Нылды - Арал - Покровка автожолун оңдоо быйыл башталары айтылганы менен, иш жүрбөй жатканын, Нылды жана Сары-Булак айылдарын Манас районунан чыгарып, Талас районуна кошуп берүүнү суранган.

Чогулгандар менен облус башчысы Нурлан Дарданов жана тийиштүү жетекчилер жолугуп, Орусиядан мазут келбей жатканын, жакынкы күндөрү жолдун үч чакырым аралыгын асфальттоо иштери жүрөрүн айткан.

Буга чейин Нылды айылынын тургундары жолдун оңдолушун талап кылып, бир нече жолу акция өткөргөн.

Кийин облустук бийлик ашар жолу менен жолду оңдоо иштерин жүргүзгөн, көп өтпөй мурдагы абалына келип калган.

Талас – Нылды жолун оңдоо маселеси Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн.

Манас районунун Нылды айылы райондун борбору Покровкадан 45, ал эми Талас шаарынан 18 чакырым аралыкта жайгашкан жана ал жакка туруктуу автотранспорт каттабайт. (MKt)

Талас: оңдолбой жатып тамтыгы чыккан жол
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:00 0:00

XS
SM
MD
LG