Дзюдочу Эрлан Шеров Азия оюндарынын чемпиону болду

Эрлан Шеров Азия оюндарында. Сүрөт Дене тарбия жана спорт департаментине таандык. 26-сентябрь, 2023-жыл. Ханчжоу, Кытай.

Дзюдо боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөсү Эрлан Шеров Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан жайкы Азия оюндарында алтын медал тагынды. Бул XIX Азия оюндарындагы Кыргызстандын эсебиндеги алгачкы алтын байге.

Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына караганда, спортчу 26-сентябрда 90 кг салмак даражасында финалда өзбекстандык Даврат Бобоновду жеңди. Шеров буга чейин кытайлык Бу Хебилигди (1:0), чейрек финалда ливандык Карамноб Сагаиповду (10:0) жана жарым финалда Бириккен Араб Эмирлигинин спортчусу Арам Григорянды жеңип, финалга чыккан.

Эрлан Шеровдун байгеси Азия оюндарынын тарыхында Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук курама командасына таандык алгачкы алтын медал. Буга чейин 2018-жылы Индонезияда өткөн Азия оюндарында Артур Тё менен Владимир Золоев коло байгеге ээ болушкан.

XIX жайкы Азия оюндары 2022-жылы жылы өтүшү керек эле. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу 2023-жылга калган.

Быйыл Азия оюндарына 45 өлкөдөн 12 500 спортчу катышып жатат. Алар спорттун 40 түрүнөн мелдешүүдө. Кыргызстандан спорттун 23 түрү боюнча 164 спортчу катышууда.

23-сентябрда башталган оюндар 8-октябрга чейин уланат. (ECh)

Дагы караңыз

Азия оюндары: Кыргызстандын футбол командасы 1/8 финалга чыктыХанчжоу: Азия оюндарынын ачылышы Азия оюндарына Кыргызстандан 164 спортчу катышатАзия оюндары: Кытайга Кыргызстандан 230дан ашуун киши барат