Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:01

Азия оюндарына Кыргызстандан 164 спортчу катышат


Акжол Махмудов.
Акжол Махмудов.

Кытайдын Ханчжоу шаарында өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 164 спортчу катышат. Алардын катарында Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Акжол Махмудов, Айбек Кубанычбек уулу, Гүлшанай Сатарова өңдүү бир катар белгилүү спортчулар бар.

Азия оюндарынын ачылуу аземи 23-сентябрда өтөт. Мелдеш 8-октябрга чейин уланып, ага 40тан ашуун өлкөдөн келген спортчулар катышат.

Азия оюндарынын программасына жалпы 42 спорттун түрү киргизилген. Кыргызстандыктар спорттун 23 түрү боюнча катышууда: бокс, сууда сүзүү, ок атуу, жаа атуу, дзюдо, оор атлетика, күрөш (кыз-келиндер күрөшү, эркин күрөш, грек-рим күрөшү), каратэ, фехтование, жеңил атлетика, каноэ жана байдаркада сүзүү, заманбап спорттун беш түрү, таэквондо WT, триатлон, волейбол, шахмат, ушу саньшоу, кибер спорт, жиу-житсу, баскетбол 3х3, көркөм гимнастика, футбол, кураш.

Азия оюндары 1951-жылдан бери өткөрүлүп келет. Акыркы жолу 2018-жылы Индонезиянын Жакарта шаарында өтүп, Кыргызстандын улуттук курама командасы эки алтын, алты күмүш жана 12 коло медаль уткан. (GT)

XS
SM
MD
LG