Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:10

Азия оюндары: Кыргызстандын футбол командасы 1/8 финалга чыкты


XIX жайкы Азия оюндарыyf Кыргызстандан 164 спортчу катышып жатат.
XIX жайкы Азия оюндарыyf Кыргызстандан 164 спортчу катышып жатат.

Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курама командасы 1/8 финалына чыкты. Курама команда F тайпасынын жыйынтыктоочу беттешинде Кытай Тайбэйи менен ойноп, 4:1 эсебинде жеңди.

Дзюдо боюнча мелдеште кыргызстандык Адина Көчкөнбаева коло байге үчүн күрөшөт.

Азия оюндарынын алкагында заманбап спорттун түрү боюнча беттештерде кыргызстандык команда финалга чыкканын Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди. Бул спорттун түрүнөн Кыргызстандын намысын Родион Хрипченко, Атай Эркинбеков, Василий Лукьянов жана Илья Мягких, кыздардан Мария Штукина коргоп жатат.

21-сентябрда фехтование боюнча, 22-сентябрда чуркоо жана ок атуу, сууда сүзүү боюнча жарыштар өтүп, кыргызстандык комнада финалдык баскычка чыккан.

XIX жайкы Азия оюндары Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүүдө. Азия оюндары 2022-жылы жылы өтүшү керек эле. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу 2023-жылга жылдырылган.

Азия оюндарына 45 өлкөдөн 12 500 спортчу катышып жатат. Спортчулар спорттун 40 түрүнөн мелдешет. Быйыл Азия оюндарынын программасына киберспорт жана "ажыдаар-кайыктардын" жарышы да кирген.

Оюндарга Кыргызстандан Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Акжол Махмудов, Айбек Кубанычбек уулу, Гүлшанай Сатарова баштаган 164 спортчу катышып жатат.

Жалпысынан кыргызстандыктар спорттун 23 түрү боюнча ат салышууда: бокс, сууда сүзүү, ок атуу, жаа атуу, дзюдо, оор атлетика, күрөш (кыз-келиндер күрөшү, эркин күрөш, грек-рим күрөшү), каратэ, фехтование, жеңил атлетика, каноэ жана байдаркада сүзүү, заманбап спорттун беш түрү, таэквондо WT, триатлон, волейбол, шахмат, ушу саньшоу, кибер спорт, жиу-житсу, баскетбол 3х3, көркөм гимнастика, футбол, күрөш.

Учурда волейбол, футбол, дзюдо, ок атуу, киберспорт, сууда сүзүү, фехтование, шахмат, бокс, киберспорт жана ушу-саньда боюнча мелдештер өтүп жатат.

Азия оюндары 1951-жылдан бери өткөрүлүп келет. Акыркы жолу 2018-жылы Индонезиянын Жакарта шаарында өтүп, Кыргызстандын улуттук курама командасы эки алтын, алты күмүш жана 12 коло медаль уткан. (GT)

XS
SM
MD
LG