Милиция Селекцияда аялды бычактаганы айтылган жаран кармалганын билдирди

Иллюстрациялык сүрөт.

Сокулук районунун Селекция айылында аялды бычактаганы айтылган кишини милиция кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы 20-сентябрда “Азаттыкка” билдирди.

Милицияга Селекциядагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 36 жаштагы аял бычакталып, кийин ооруканага жеткирилгени жөнүндө маалымат түшкөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин ("Денеге оор залал келтирүү") негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү катары 39 жаштагы Э.А. аттуу жаран кармалды. Маалыматка ылайык, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө уланып жатат.

Мунун алдында социалдык тармактарда Селекция айылында жашаган бир аялды мурдагы күйөөсү бычактап, денесине оор залал келтиргенин жазып чыгышкан.

Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан 2021-жылы кооптуу өлкөлөрдүн катарына кирген. Соңку жылдары кыз-келиндерге зомбулук күчөгөнүн өкмөт өкүлдөрү моюнга алышкан.

Дагы караңыз

Өкмөт буудайды экспорттоого тыюу салууну караштырууда Жапаров БУУда геосаясий чыңалуу жана аймактык бүтүндүк тууралуу маселе көтөрдүОрус армиясы Украинадагы мунай заводуна сокку урдуАба ырайы: тоолуу аймактарда кар жаайт