Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:58

Аба ырайы: тоолуу аймактарда кар жаайт


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Шашылыш билдирүү

20-22-сентябрда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. 20-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы болот. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

21-22-сентябрда абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10°, күндүз 12…17°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 11…16°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 7…12°, күндүз 15…20°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1…6°, күндүз 9…14°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында күндүз 9…14°, түнкүсүн 1…6°, айрым жерлеринде -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт. Республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, күндүз 4…9°, бийик тоолордо түнкүсүн -6…-11°, күндүз -2° сууктан…+3° болот.

Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону, айыл чарба жумуштарын кыйындатат.

Бул күндөрү туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектериндеги райондорунда суунун деңгээли көтөрүлүшү жана сел жүрүшү мүмкүн.

21-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 17…22;

Талас жергесинде түнкүсүн 3...8, күндүз 14…19;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 13...18;

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...5.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Эртең менен жана күндүз жаан-чачын жаабайт, кечке жуук жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11, күндүз 20…22 градус болот.

XS
SM
MD
LG