Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:19

Өкмөт буудайды экспорттоого тыюу салууну караштырууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинети буудай, меслин жана буудай унун Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) аймагынан сыртка ташууга убактылуу тыюу салууну сунуштады.

Өкмөттүн токтом долбоорлору жарыяланган сайтында бул “өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана унга болгон бааны турукташтыруу максатында иштелип чыкты” деп жазылган. Токтом кабыл алынса алты айга буудай, меслин жана буудай унун экспорттоого тыюу салынат.

19-сентябрда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында бир нече депутат базарда нандын, ундун баасы кескин кымбаттаганын айтып чыккан.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тийиштүү мамлекеттик органдардын жана ун, мунай ташуучулар ассоциацияларынын өкүлдөрү менен азык-түлүк коопсуздугу боюнча жыйын өткөргөн. Төрөбаев өлкөдө буудай тартыштыгы жок экенин айтып, казак уну темир жолдогу сезондук тыгындан улам кымбаттап жатканын айткан.

2022-жылы дагы Министрлер кабинети Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө болбогон мамлекеттерге 100 миң тоннадан ашык унду ташып чыгууга бир айлык тыюу салган.

Буга чейин Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын башчысы Рустам Жунушов 2023-жылдан баштап буудайдын баасы 12%, ун 14-15% кымбатташы мүмкүн экенин билдирген.

Кыргызстан буудайды негизинен Казакстан менен Орусиядан алып келет. Мурда эки өлкөнүн буудай импортундагы үлүшү дээрлик теңме-тең болчу, Орусиядан 55%, Казакстандан 45% келчү. 2022-жылы бул көрсөткүч кескин өзгөрүп, Орусия 97%, Казакстан 3% үлүшкө ээ болгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG