Орус армиясы 19-сентябрда Украинанын бир катар аймактарына чабуул койгондо бери дегенде тогуз киши каза болду.
Украин тарап тараткан расмий маалыматтарга ылайык, дрон чабуулунан Львовдо 300 тоннадан ашуун гуманитардык жүк сакталган кампа өрттөлүп, бир адам каза тапкан.
Харьков облусунун чыгышындагы Купянск шаарында авиабомбадан алты адам набыт болгонун аймактын башчысы Олег Синегубов билдирди.
Херсон шаарында эл ташып бараткан троллейбуска тийген артиллериялык соккуда эки адам набыт кеткенин жергиликтүү бийлик маалымдады.
Бул күнү Украинанын президенти Владимир Зеленский Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясында Орусиянын баскынчылыгын айыптап, дүйнө элин агрессияга каршы турууга дагы бир жолу чакырды.
Далилдүү көрсөтмөлөргө карабай, Москва Украинада карапайым калк бутага алынганын моюнга албайт жана аскердик объектилерге гана чабуул коюп жатканын билдирет.
Орусия былтыр 24-февралда Украинага кол салган. Муну Москва "атайын операция" деп атайт. Дүйнө коомчулугу Кремлди агрессор катары айыптап, согушту токтотууга чакырат.
Дагы караңыз
Байден БУУнун Башкы ассамблеясында дүйнөнү биримдикке чакырдыНью-Йоркто "Кемпир-Абад иши" менен камалгандарды бошотууну талап кылган акция өттү Тоолуу Карабакта беш киши өлгөнү кабарланды