Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:30

Байден БУУнун Башкы ассамблеясында дүйнөнү биримдикке чакырды


АКШнын президенти Жо Байден БУУнун Башкы ассамблеясында дүйнө өлкөлөрүн биримдикке чакырды. Америкалык лидер шейшемби күнү жалпы дебаттарда сүйлөгөндө Украинадагы согуш темасына кыскача кайрылып, аны дипломатиялык жол менен жайгарууга үндөдү жана калабаны токтотуу Москванын колунда экенин билдирди.

Байден АКШ жана анын союздаштары эркиндиги үчүн күрөшүп жаткан Украина менен бирге болорун кошумчалады.

Ошондой эле Американын тышкы саясаттагы көп тараптуу мамилеси дүйнөдөгү эң курч көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берерин айтты. Табигый кырсыктар, климаттык кризис жана башка саясий-экономикалык, укуктук маселелерге да токтолгон Байден АКШ Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин түптөлгөн дүйнөлүк уюмдун ишмердигин колдоону улантууга чечкиндүү экенин белгиледи.

Ал Кошмо Штаттардын келечеги дүйнөнүн башка өлкөлөрүнүн келечеги менен байланышта экенин кошумчалап, "бир дагы өлкө бүгүнкү кыйынчылыктарды жалгыз жеңе албайт", - деди.

Байден Вашингтон Бээжин менен кагылышууну көздөбөстүгүн да билдирди.

“Биз быйыл ЮНЕСКОго кайра кошулганыбызга сыймыктанабыз", - деди президент. Вашингтон 2017-жылы Доналд Трамп президент кезинде бул уюмга мүчөлүктөн чыккан эле.

Reuters агенттиги Байдендин БУУдагы кайрылуусу анын Нью-Йорктогу үч күндүк сапарынын негизги окуясы болуп саналарын, ал Борбор Азиядагы беш мамлекеттин президенттери, Израил жана Бразилиянын лидерлери менен жолугарын жазды.

БУУнун Башкы ассамблеясы жыл сайын сентябрда дүйнө өлкөлөрүнүн лидерлерин Нью-Йоркко чогултуп, тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо, качкындар көйгөйү, экологиялык жана башка маселелер талкууланат.

XS
SM
MD
LG