Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:13

Тоолуу Карабакта беш киши өлгөнү кабарланды


Тоолуу Карабактан тартылган сүрөт.
Тоолуу Карабактан тартылган сүрөт.

Азербайжандын Тоолуу Карабактагы "антитеррордук операциясында" беш киши набыт болуп, 80 адам жараат алганын эл аралык коомчулук тааныбаган аймактын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. "Азаттыктын" армян кызматы каза тапкандардын 15и жайкын тургун экенин жазды.

19-сентябрда Азербайжандын Коргоо министрлиги Тоолуу Карабакта "антитеррордук операция" баштаганын жарыялаган. Расмий билдирүүдө анын максаты "конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүү" экени белгиленген.

Мунун алдында Хожавенд районунда курулуп жаткан туннелдин жолунда Ички иштер министрлигинин автоунаасы минага жарылып, күч кызматкерлери каза болгону кабарланган. Баку муну "армян диверсанттык тобунан" көргөн.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян түз эфирге чыгып, Тоолуу Карабакта армян аскерлери жок экенин билдирди. Meduza Пашинян Коопсуздук кеңешинин чукул жыйында "кайсы бир ички жана тышкы күчтөр өлкөнү согушка тарткысы келип жатканын" айтты.

Ал арада Ереванда өкмөткө нааразылык акциялары өтүп жатканын бир канча Телеграм каналдар кабарлады. "Азаттыктын" кабарчысы полиция менен демонстранттардын ортосунда кагылышуу болгонун жеринен билдирди.

Тоолуу Карабактын эл аралык коомчулук тааныбаган жетекчилиги Бакуга сүйлөшүү баштоону сунуштаганын аймактын бирдиктүү маалымат борбору кабарлады. Ушундай эле маалыматты "Интерфакс" агенттиги да жазды.

XS
SM
MD
LG