Ташкент менен Вашингтон кызматташуу жаатында 12 документке кол коюшту

АКШ менен Өзбекстандын желектери

Өзбекстан менен АКШ кызматташуу жаатында 12 документке кол коюшту. Арасында энергетика, машина куруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, айыл чарба, илимий-техника, медицина жана башка тармактарда продукцияларын өндүрүү боюнча макулдашуулар бар.

Ташкенттин расмий маалыматына ылайык, документтерге 15-сентябрда Вашингтондо өткөн өзбек-америка бизнес форумунда кол коюлган.

Форумга эки өлкөнүн тиешелүү министрликтеринин, өнөр жай бирикмелеринин, коммерциялык банктарынын жана инвестициялык мекемелердин башчылары, АКШнын ири корпорацияларынын жетекчилери катышты.

Бизнес-форум Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин АКШга сапарынын алдында өттү.

Мирзиёев Нью-Йоркко БУУнун Башкы ассамблеясынын 78-сессиясына катышуу үчүн 17-сентябрга караган түнү барды. Ал 19-сентябрда АКШ президенти Жо Байден менен Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин C5+1 форматындагы жолугушуусуна катышат.

Дагы караңыз

Орус абагындагы балдарын экстрадициялоону сурангандар Жогорку Кеңеш алдына чогулушту Кыргыз компанияларын пайдаланган Орусия, кампаларга суроо-талап Ошто санитардык талап сакталбаган сулуулук салондор жабылдыУкраинада коргоо министринин алты орун басары иштен алынды