Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:27

Ошто санитардык талап сакталбаган сулуулук салондор жабылды


Калктын саламаттыгын сактоо боюнча координациялык жумушчу топ тургундардын кайрылуусунан улам Ош шаарында санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышын текшерүүдө.

Рейддин жыйынтыгында беш сулуулук салону, төрт тиш дарылоочу, беш медициналык дарылоо борбору жабылды. Айрымдарына акт түзүлүп, эскертүү берилди.

Тийиштүү мекемелер аралык түзүлгөн топ мындай рейддерди сентябрдын аягына чейин улантат.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) мекемелер аралык жумушчу топ менен бирге Ош, Талас облусундагы диний жайлардын ишмердигин, санитардык абалын текшерген. Анын жыйынтыгында ондогон мечиттер жабылды. (TSh)

XS
SM
MD
LG