Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:19

Украинада коргоо министринин алты орун басары иштен алынды


Кызматтан алынган орун басарлардын бири - Анна Маляр.
Кызматтан алынган орун басарлардын бири - Анна Маляр.

Украинанын министрлер кабинети коргоо министринин жети орун басарынын алтоону кызматтан бошотту. Бул тууралу парламент депутаты Алексей Гончаренко билдирди.

Маалыматка караганда, Александр Павлюктан башка орун басарлардын баары жана министрлигинин статс-катчысы Константин Ващенко да иштен алынды.

Сентябрдын башында мурдагы коргоо министри Алексей Резников кызматтан кеткен. Анын ордуна крым татары, мурдагы депутат Рустем Умеров келген.

Буга чейин Коргоо министрлигинин айланасында талаш жаралган. Жыл башында мекеме "украин армиясына азык-түлүктү базар баасынан эки-үч эсе кымбат сатып алды" деп сынга кабылган. Бир канча чиновник иштен кеткен.

Коргоо министрлигин 2021-жылдын ноябрынан бери жетектеп келген Алексей Резников курал-жарак жеткирүү боюнча эл аралык сүйлөшүүлөргө катышкан. Ал Украинанын Британиядагы элчиси болот деген маалымат бар.

XS
SM
MD
LG