Аба ырайы: тоолуу райондордо кар жаайт

14-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан жаабайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл жана Нарындын айрым аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Талас, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 21…26;

Талас жергесинде түнкүсүн 5...10, күндүз 19…24;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 20...25;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...+2, күндүз 7...12.

Бишкекте түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын болбойт. Кечке жуук жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15°, күндүз 23…25° жылуу болот.

Дагы караңыз

Шаардык сот Олжобай Шакирдин кармалышын мыйзамдуу деп таптыОлжобай Шакирдин кармалышынын мыйзамдуулугу карала баштадыМинистрлик “Дастан” менен “Евразия сактык банкын” кайра Мүлк фондуна өткөрөт Орус армиясы Одессага "Шахеддер" менен чабуул койду