Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:52

Орус армиясы Одессага "Шахеддер" менен чабуул койду


Орус армиясынын абадан жасаган чабуулунун кесепети. 7-сентябрь, 2023-жыл.
Орус армиясынын абадан жасаган чабуулунун кесепети. 7-сентябрь, 2023-жыл.

Орусиянын армиясы 13-сентябрга караган түнү Украинанын Одесса облусуна «Шахед» жанкечти-дрондору менен сокку урду. Учкучсуз аппараттар менен чабуул коюлары тууралуу эскертүү түн ортосунда берилди. Украин Куралдуу күчтөрү билдиргендей, 44 дрондун 32си абадан атып түшүрүлдү.

Абадан жасалган кол салуудан Дунайдагы украин порттору, жарандык обьектилер жабыркап, алты киши жаракат алды. Үчөөнүн абалы оор экенин Одесса облустук администрация башчысы Олег Кипер билдирди.

Ошондой эле жүк ташуучу машинелер токтогон жайда өрт тутанды.

Орусия украин данын Кара деңиз аркылуу экспорттоого жол берген келишимден июль айында чыккандан бери күн алыс Одесса облусун аткылап, дан кампаларын бутага алып келет.

7-сентябрга караган түнү аннексияланган Крымдан учурулган дрондордун чабуулунан порттогу инфратүзүмдөр, элеватор жана карапайым тургундардын турак-жайлары жабыркаган.

XS
SM
MD
LG